1. Ар кандай түстөгү кооз жиптерден түрдөлүп жасалган чач учтук. Келеңкер чачпак кең соору, Керилген жеңең мен элем («Сейтек»). 2. Кездеменин бир түрү.
КЕЛЕҢКЕР ЧАЧПАК — жаш келиндер, орто жаштагы аялдар аркасына өрүлгөн чачтарынын учуна тагынуучу асемдик буюм. Ал бири-бирине шакекчелер менен бириктирилген тегерек, үч, төрт бурчтук формадагы күмүш тыйын жибек чачыктардан турат. Эпосто К. ч. төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Келеңкер чачпак кең соору, Келбети нурдун кызылдай, Узун бойлуу жал-жал көз», (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 131), «Келеңкер чачпак бир кучак, Май сооруда жаркылдайт, Балтыркандай солкулдайт» (Радлов жазып алган вариант). Келенкор кездемесинен жасалган чачпак.